Марипов авиабилеттердин баасы кандай учурда арзаныраак болорун түшүндүрүп берди (Видео)

228

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Марипов авиабилеттердин баасы кайсы учурда арзаныраак болорунун жол-жоболорун түшүндүрдү. Бул тууралуу ал, социалдык тармактагы баракчасы аркылуу түз эфирде билдирди.

Анын айтымында, авиабилеттердин баасы боюнча Россия федерацисы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

“Авиабилеттердин баасы боюнча бизге көптөгөн кайрылуулар түшүп жатат. Мунун чечүү жолдорун караштырып жатабыз. Бүгүнкү күндө 80дей чартердик рейстер учуп жатат, бирок булар “негиздеме” (коронавируска тест) сурап жатат. Ошол үчүн билет кымбат. Биз бул маселени чечүүнүн негизинде “негиздемени” жоюу үчүн Россия менен сүйлөшүп көрдүк, программа бар “Ковидсиз  саякат” деген предложения телефондо. Ушул боюнча бүгүнкү күндө алты лаборатория ишке киргиздик, төртөөсү менчик, экөөсү мамлекеттик. Анализ алуу боюнча 60 точка иштеп жатат. Ошол жерге келип анализ тапшырып, андан кийин аны телефондогу предложенияга жүктөп, ошо менен  учса, анда “негиздемесиз” эле билет алып учса арзаныраак болот”, -дейт эл өкүлү.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан баштап, өлкөдөн башка мамлекетке учуучу билеттердин баасы жогорулап, бөтөнчө Россия федерацисына учуучу каттамдардын билет баасы кымбаттап кеткен.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь