Мэрия: Коомдук транспорттогу тарифти өзгөртүү боюнча чечимди Бишкек шаардык кеңеши кабыл алат

226

Бишкек шаарындагы коомдук транспорттогу тарифтер этабы менен өзгөртүлөт. Андай чечимди Бишкек шаардык кеңеши кабыл алышы керек. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирет.

Буга чейин, келээрки аптанын этегинде Бишкек шаарында кичи автобустун айдоочулары иштерин таштай тургандыгы тууралуу маалыматтар тараган. Алардын талабы жол кирени көтөрүү экендиги айтылган.

Бүгүн бул боюнча шаардык мэрия билдирүү жасап, “Мэрия маселенин бардык тарабын карап, экспертизаларды жүргүзүп бүткөн соң шаардык кеңешке сунуш киргизет. Мэрдин буйругу менен бул маселе боюнча иштөө үчүн жумушчу топ түзүлгөн”,  – деп маалымдашты.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь