Талас жана Нарында менчикке чыгып кеткен жерлер мамлекетке кайтарылды. Кылмыш иши козголду

171

Талас менен Нарында менчикке берилип кеткен жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Таластын Чолпонбай айыл өкмөтүнүн кызматкерлери мындан бир нече жыл мурун мамлекеттин менчиги болуп эсептелген жайыт жерлеринин 16 гектарын А.Э. аттуу жаранга мыйзамсыз менчикке берип салышкан.

Ошондой эле Нарын шаардык прокуратурасы мыйзамсыз түрдө жеке жактарга турак жай куруу үчүн 800 чарчы метр жер тилкесинин менчикке берилип кеткендигин аныктаган. Жер тилкенин баасы жарым миллионго бааланат.

Эки факты тең Жазык кодексинин 320-беренесинин (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) негизинде каттоого алынып, сотко чейинки иштер жүрүүдө. Жер тилкелери мамлекетке жана муниципалдык менчикке кайтарылды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь