Тарыхта биринчи ирет кыргыз улутунун өкүлү Орусияда белгилүү партия менен шайлоого аттанууда

304

30 жылдык эгемен тарыхыбызда биринчи жолу Кыргызстандык Кожоев Кубанычбек Шералиевич Орусиянын ГосДумасына «ЕДИНАЯ РОССИЯ» партиясы менен бирге шайлоого аттанууда. Бул тууралуу аны колдогондордун бири социалдык тармакка жазып чыкканына шилтеме берүү менен “akmedia” басылмасы кабарлады.

” “Жакшы жаңылык!!! Колдоо керек болгондо Кыргыздай бат чогулуп жардам берген улут жок.

Урматтуу мекендештер! 30 жылдык эгемен тарыхыбызда биринчи жолу кыргыз улутунун өкүлү Кожоев Кубанычбек Шералиевич Орусиянын ГосДумасына “ЕДИНАЯ РОССИЯ” партиясы менен бирге шайлоого аттанууда. Учурда, ГосДумага талапкер саясий партияларга “алдын ала” добуш берүү (праймериз) башталды. Добуш берүү жана боло турган шайлоо негизинен «он-лайн» түрүндө өтөт.

Эгерде, РФ паспорту бар кыргызстандыктар биригип, бир муштумдай болуп, ОРОЗО аяктаганча тизме топтоп, “алдын ала” добуш берүүгө катышсак, анда Орто Азия элдеринин ичинен биз кыргыздар, биринчи болуп ГосДумага өз депутатыбызды шайлап алууга мүмкүнчүлүк алабыз.

Буюруса, Россиядагы миллиондогон мекендештерибиздин укуктары корголот, мамлекетибиздин колу-буту узарат, жалпы элибизге сыймык болот. Бул да болсо, Алла-тааланын кыргыз элине берген мүмкүнчүлүгү жана сыноосу.

Келгиле, бир туугандар, ушундай тарыхый учурда, намыс үчүн башка улуттардын алдында өзүбүздүн биримдигибизди көрсөтүп, ар бирибиз өз салымыбызды кошолу. РФ паспорту бар бардык дос-туугандарды, тааныштарды Россиядагы жердештик айылдык, райондук, шаардык коом жана диаспора башчылары түзүп жаткан тизмеге каттаткыла же төмөнкү вотсап/телеграм аркылуу байланышып, тизмеге киргизгиле!

Биз негизинен телеграм канал колдонобуз! +7 (925) 175-31-04; +7 (906) 022-31-04; +7 (999) 348-42-37”,-деп жазылат билдирүүдө.