Борбордук Азиядагы Америка университетинин президенти 23-апрелде Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка чакырылды.
Качинс реестрге катталган иштин алкагында суракка чакырылган.
«Президент Качинсти Кыргызстанда колдонууга уруксат берилбеген дары дармекти алгандыгы үчүн ИИМге суракка чакырышты. Тиешелүү дары-дармек АКШда колдонууга бекитилген жана бул каражат Качинстин оорусуна байланыштуу АКШдагы дарыгери тарабынан көрсөтүлгөн. Дары-дармектер ага АКШнын ири дарыканаларынын биринен почта аркылуу жөнөтүлгөн », – деген маалыматты Камкорчулар Кеңешинин атынан Дэвид Лахдхирдин университеттин кызматкерлерине жана студенттерине кат аркылуу таратты.
Буга чейин социалдык тармактарда Эндрю Качинс университет тууралуу терс сүрөттөргө байланыштуу кош бойлуу кызматкерди урушканы тууралуу маалымат тараган. Уруштан кийин аялдан кан кетип ооруканага түшкөнү, күйөөсү Качинстин үстүнөн окуу жайдын администрациясына даттанганы айтылган.