Бүгүн, 24-апрелде Баткен облусундагы Лейлек райоунун Бекент айылынын эки тургунун Тажикстандын солдаттары түнү менен уктап жаткан жеринен алып кетти деген видео социалдык тармактарга тарады.
“Кубат жана Дастан атту эки балам жок болуп атат. Тажикстандын солдаттары, түндө чатырында уктап жаткан жеринен келип Тажикстанга алып кирип кеткен. Бут кийимдери кан болуп жатат, жардам бергиле”, – деп кайрылды видеонун автору.