“Чачымдан сүйрөп, уруп эшикке сүйрөп чыкты”. Чүйдө күйөөсү тирүүлөй көмүп салган келин үн катты

453

Чүй облусунун Панфилов районунда күйөөсү аялын тирүүлөй көмүп салган. SUPER.KG порталына окуя болгон жерге барып, жабырлануучу келин, анын апасы, бир туугандары менен маектешти.

Жабырлануучу келин Панфилов РИИБине кечээ, 23-апрелде арыз жазды. 22-апрелде ал арыз жазганга чамасы келбей койгонун айтты. Үнү мукактанып, мууну бошоп турган келин аты-жөнүн айтууну каалаган жок.

“Базарга кеткен, келип үйгө кирип, кайра эшикке чыгып кетти. Кайра бир жарым сааттан кийин келип эле “мен сага көргөзөм, айтып бересиң” деп чачымдан сүйрөп, уруп эшикке сүйрөп чыкты. Колумду байлайм деди, бирок тырышып кармаштым. Тээп жиберди окшойт, чуңкурга кулап түштүм. Казылуу экен, тура албай койдум. Буту менен башымды тээп, көмө баштады. Аба жетпей баштады, сыртка чыгар, баарын айтып берем дедим. Балам баарын карап туруптур, анан ал кошуна эжеге барыптыр. Бирок ал келгенде такыр жолотпой койду. Анан иним келди, бирок аны дагы жолоткон жок. Бир убакта балдар келип, мени казып чыгарып, үйгө киргизишти.

Орусиядан келгени эле мени уруп жатты, буга чейин дагы сабаган. Бир күн мурун эле апамдан кечирим сурап алып кеткен. Анда дагы дарыланып анан баргам. Ортобузда беш бала бар. Кайын журтум деле билчү, бирок аны жолдошум уккан жок”, – деди жабырлануучу келин.

 

Кызы жүндөй сабалып, ал гана эмес, жерге көмүп салганы эненин төбө чачын тик тургузган. Асымкүл Молдокулова кызын күйөө баласы буга чейин дагы сабап жүргөнүн, бирок ортодо беш бала бар деп жараштырып жүрүшкөнүн айтат.

“Кызым бир өлүмдөн калды, кошуналары алып калыптыр. Болбогондо өлмөк экен. Күйөө балам кызымды көмүп туруп видеого тартып, Кум-Арыктагыларга жөнөтүптүр. Эми ал видео кимде бар экенин билбейм. Биринчи көргөн адам унаасын айдап алып эле кичүү балама келип, аны салып кетиптир. Дүкөндөн келсем эле кызыңарды сабап жатат деп айтып, айылдын балдары мени ошол жакка алып барышты.

Кызымды күйөөсү менен жараштырып кетиргениме эки эле күн болгон. Азыр балдарым урушуп жатат, баарын жашырып жүрүп ушул болду деп. Беш баласы бар, беш бала төрөп берген күнөөсү үчүнбү, билбейм.

Биринчи сабаганда дарыгерлерге көрсөтүп, укол сайып, араң айыктырдым. Андан кийин кайра жараштырдык, кайра экинчи жолу түнү сабаптыр. Кызым үйгө түнкү саат 3тө качып келди. Бул үчүнчүсү. Эми жерге тирүүлөй көмүп жатат”, – дейт Молдокулова.

Келиндин бир тууган агасы Адилет Айдаралиев арыз жазбай койду деп үрөй учурган ишти кылган күйөөнү кармап турбай, кетирип жиберген милиция кызматкерлерине нааразы.

“Күйөө балам кармала элек, бирок ал келип бизди бир нерсе кылып кетсе ким жооп берет? Милиция өз көздөрү менен кандай иш болгонун көрүштү. Карындашым кечээ арыз жазгандай абалда эмес болчу. Ал катуу нес абалында болуп калган. Ошондуктан эми жазып жатат. Бул жерде адам өлүш керек окшойт. Ал деген өлтүрөйүн деди да. Аны эмнеге коё беришет? Бир аз кармап туруп, сурашса болмок да”, – дейт Айдаралиев.
Булак: “Супер кж” 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь