Акыркы сутка ичинде республика боюнча лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен сакайып, үйлөрүнө чыгарылган жарандардын саны – 163, анын ичинде Бишкек ш.– 84, Ош ш. –2, Чүй облусу – 54, Ош облусу – 1, Талас облусу – 0, Нарын облусу – 8, Ысык-Көл облусу – 8, Жалал-Абад облусу – 5, Баткен облусу – 1. 24 – апрелге карата Кыргызстандагы СOVID-19 боюнча статистикалык маалымат
Жалпы айыккандардын саны: 87 880 бейтапты түздү.
Регион | % |
Бишкек шаары | 90.5 |
Ош шаары | 97.0 |
Чүй облусу | 92.9 |
Ош облусу | 97.9 |
Талас облусу | 95.2 |
Нарын облусу | 93.8 |
Ысык-Көл облусу | 96.1 |
Жалал-Абад облусу | 97.3 |
Баткен облусу | 96.7 |
Жалпы: | 93.9 |
Жаңы катталган учурлар
2021-жылдын 24 – апрелине карата жалпы республика боюнча сутка ичинде лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинин – 325 жаңы учуру катталды. Анын ичинде Бишкек ш. – 194, Ош ш. – 2, Чүй облусу – 90, Ош облусу – 6, Талас облусу – 1, Нарын облусу – 5, Ысык-Көл облусу – 20, Джалал-Абад облусу – 6, Баткен облусу – 1.
Жалпы катталган учурлардын саны – 93 603 учур, анын ичинде лаборатордук тастыкталганы – 50 229, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы – 43 374.
Лаборатордук жана клинико-эпидемиологиялык тастыкталган учурлардын региондорго бөлүнүшү
Регион | Лаборатордук тастыкталган | Клинико-эпидемиологиялык |
Бишкек шаары | 178 | 16 |
Ош шаары | 0 | 2 |
Чүй облусу | 85 | 5 |
Ош облусу | 3 | 3 |
Талас облусу | 0 | 1 |
Нарын облусу | 0 | 5 |
Ысык-Көл облусу | 17 | 3 |
Жалал-Абад облусу | 3 | 3 |
Баткен облусу | 0 | 1 |
Жалпы: | 286 | 39 |
Акыркы суткада – 4 593 ПЧР изилдөө жүргүзүлдү.
Республика боюнча дарыланып жаткандар
Бүгүнкү күндө, республика боюнча стационардык дарыланууда жалпы – 1417 бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда 1753 бейтап бар.
Республиканын стационарларында дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 813, Ош ш. – 37, Чүй облусунда – 382, Ош облусунда – 31, Талас облусунда – 8, Нарын облусунда – 32, Ысык-Көл облусунда – 85, Джалал-Абад облусунда – 17, Баткен облусунда – 12. Стационарда дарыланып жаткан 1417 бейтаптардын ичинен, 16 (1,1%) канааттандыраарлык, 1011 (71,3%) орто оордукта, 332 (23,4%) оор абалда жана 58 (4,0%) өтө оор абалда.
Лаборатордук тастыкталган жана клинико-эпидемологиялык тастыкталган COVID-19 илдетинен амбулатордук (үй шартында) дарыланып жаткан бейтаптардын саны Бишкек ш. – 1206, Ош ш. – 24, Чүй облусунда – 372, Ош облусунда – 20, Талас облусунда – 17, Нарын облусунда – 9, Ысык-Көл облусунда – 74, Джалал-Абад облусунда – 29, Баткен облусунда – 2.
Каза болгон учурлар
Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен каза болгон 5 учур катталды. Лаборатордук тастыкталган COVID-19 илдетинен – 4 учур, Бишкекте-3, Ыссык-кол обл-1; клинико-эпидемологиялык тастыкталган COVID-19 – 1 учур (Бишкек). Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 1578 кишини түздү, анын ичинде лаборатордук тастыкталган – 514, клинико-эпидемиологиялык тастыкталган – 1064.
Медицина кызматкерлери
Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган – 13 медициналык кызматкер катталды, Бишкек ш – 9, алардын ичинен 1 кызыл зонада; Чуй обл – 2, Ош обл – 1, Ыссык-Кол обл – 1. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 4395 учур катталды. Алардын ичинен бир суткада стационардан – 3 медкызматкер айыгып чыкты, үй карантинден – 5 медициналык кызматкер айыгып чыкты. Жалпысынан республика боюнча – 4305 медициналык кызматкер айыкты.