Бишкектеги батирлердин биринен карыган адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Анда, куткаруучулар Бишкектин Патрис Лумумба көчөсүндө жайгашкан батирдин биринде бекилип калган эшикти ачышкан. Батирдин ичинен 80 жаштагы Л.Ф. аттуу эркек кишинин сөөгү табылып, ал милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Эшик ачууга Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган, -деп айтылат маалыматта.