Дайындалганынын чын-төгүнү билинбей жаткан Бакай Кашкарбаев чын эле министрдин кеңешчиси болду

398

Бакай Кашкарбаев аттуу жаран Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү  министри Аскарбек Джаныбековдун кеңешчиси болуп дайындалгандыгын аталган министрлик тастыктады. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды. Буга чейин, интернет колдонуучулары Бакай Кашкарбаев министрге кеңешчи болуп дайындалганын жазып, бирок аны көбү тамаша ирээтинде кабыл алып, чын-төгүнүн билбей жатышкан.

Министрликтин маалыматы боюнча, Кашкарбаев министрдин коомдук башталыштагы жардамчы болот. Ал милдеттерине 26-апрелден тартып киришет.

Кашкарбаев социалдык тармактын кыргыз сегментинде өткөн жылдагы октябрь окуяларынан кийин белгилүү болгон. Ал өзүн “Элдик көзөмөлдүн” мүчөсү катары тааныштырып, мамлекеттик орган жетекчилерине барып, ызы-чуу чыгарып жүргөнү менен белгилүү.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь