Камчыбек Ташиев Лейлектин талаалары кургап калбаш үчүн суу сактагыч курула турганын айтты

188

Баткендин Лейлек районуна караштуу Бешкент айыл өкмөтүнүн Козу-Баглан дарыясына “Ак-Тоок” суу сактагычы курулат. Мындай маалыматты УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу маселеси боюнча Өзгөн районунун эли менен болгон жолугушууда билдирди.

Ушул жылдын сентябрь, октябрь айларына чейин суу сактагычтын долбоору иштелип бүтөөрү мерчемделип жатат.Долбоордун түзүүчүлөрүнө тапшырма берилип, алар суу сактагыч курулуучу аймакта иш жүргүзүүдө. Каржы маселеси чечилип, өкмөттөн акча бөлүндү, — деди Ташиев.

Ал Баткен облусу менен чектешкен Тажикстандын Гафуров жана Худжант шаарларына ичүүчү суу Кыргызстандын Лейлек районунан барып, сууну коңшуларга берип коюп, Лейлектин талаалары суусуз кургап жатканын айткан. УКМК төрагасы суу сактагычтын курулушу менен, чек ара маселеси чечилерин кошумчалады.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь