Кыргызстанга «AstraZeneca» вакцинасы май айында алып келинет

98

Кыргызстанга май айында «AstraZeneca» вакцина келет. Бул тууралуу кмт башчы Улукбек Марипов билдирди.

Мариповдун айтымында, учурда Россиядан келген «Спутник Ви» вакцинасынын 20 миң дозасын өлкөнүн региондоруна бөлүштүрүлө иш чарасы жүрүп жатат.

Ошондой эле, мындан бир ай мурун, тагыраагы 29-марттан тартып, Кытайдын «SinoPharm» вакцинасы менен эмдөө башталгандыгы кошумчаланып, каалоочулар үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна барып эмделсе боло тургандыгы айтылды. Расмий маалыматтарга көз чаптырсак, 23-апрелге карата, республика боюнча 14861 жаран коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн. Бирок, ортодо айрым такталбаган маалыматтар тарап кетпегенде, эмделгендердин саны мындан кыйла көбүрөөк болмок дешет адистер.

Белгилей кетсек, Кыргызстанга келе турчу «AstraZeneca» вакцинасы Австрия Оксфорд университети менен биргелекте иштеп чыккан вакцина.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь