Нурлан Кайыңбаев транспорт министринин орун басары болуп дайындалды

100
Нурлан Кайыңбаев КР транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведмствонун басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн, 26-апрелде өкмөттүн аппаратынын траспорт, курулуш жана коммуникация бөлүм башчысынын орун басары Канат Сагынбаев министрдин жаңы орун басарын жамаатка тааныштырды.
Тиешелүү буйрукка КР премьер-министри Улукбек Марипов кол койду, өкмөт башчынын башка буйругу менен Талантбек Солтобаев КР транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министринин орун басары кызматынан бошотулду.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь