Ош шаарында жүргүнчүлөрдү ташуучу No13 автобустун арткы бөлүгү күйүп кетти.Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя бир күн мурун Айтиев көчөсүндө, Сулайман-Тоонун маңдайында болгон.
Унаанын болжол менен 10 чарчы метри күйүп кеткен. Өрттөн эч ким жабыркаган жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.