25-апрелде чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы маалымдайт.
Анда, чек арачылар Чүй облусунун аймагынан чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган 1981-жылы туулган КР жаранын кармашкан. Кармалган жарандын айтымында, ал Кыргызстандан Казакстанга иш издеп бара жаткан.
Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган адам андан ары териштирүү үчүн компетенттүү органдын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.