44 күн Тоолуу Карабах үчүн согушуп, Азербайжанга утулуп калган Никол Пашинян отставкага кетти

306

Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян оппозициянын талабы менен өлкөдө өтө турган кезексиз парламенттик шайлоого байланыштуу кызматынан өз каалоосу менен четтеди. Бул маалыматты ал өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасынан кабарлады.

Бул өлкөдө эми кезексиз парламенттик шайлоо 20-июнда өтөт. Ага чейин Пашинян өкмөт башчынын милдетин аткаруучу болуп иштеп турат. Бирок, анын билдиргенине караганда, шайлоого ал кайра «Жарандык келишим» партиясынан премьерликке көрсөтүлө турган болду. Буга чейин Пашинян эгер жарандар шайлоодо анын командасын колдобой койсо, бийликти тапшырууга убада берген.

Никол Пашинянга карата нааразычылык Арменияда Азербайжан менен Тоолуу Карабах үчүн согуштан кийин жаралган. Анда Никол Пашинян убагында басып алган Тоолуу Карабахтын басымдуу бөлүгүн Азербайжанга өткөрүп берүүгө макулдугун бергенден кийин Арменияда элдик колкундоолор күч алган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь