Бишкекте ата-энеси эки жашар баласын батирге жалгыз таштап кетишкен

627

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери борбор калаадагы “Аламүдүн-1” кичи районунда эки жашар бала турган батирдин эшигин ачышты. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, микрорайондун тургуну түн ичинде батирдеги баланын токтоосуз ыйлаганына тынчсызданып куткаруучуларга кайрылган. Анткени батирге барганда, эшик жабык экенин билген.

Чакырууга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери келип, атайын шаймандар менен эшикти ачышты. Бала үйдө жалгыз болгон. Ал укук коргоо кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Учурда окуянын чоо-жайы иликтенип жатат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь