Бишкек шаарында орточо айлык акынын көлөмү 22 миң 764 сомду түзүптүр

249

Бишкек шаарында 2021-жылдын январь-февраль айларында реалдуу айлык акынын орточо көрсөткүчү 22 764 сомду түзгөн. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитети билдирди.

Анын маалыматына караганда, 2021-жылдын январь-февралында бир кызматкерге эсептелген орточо айлык номиналдык эмгек акы 17 940 сомду түзүп, былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 4,5 пайызга жогорулаган. Ал эми керектөө бааларынын индексине эсептелген анын чыныгы көлөмү 5,3 пайызга төмөндөгөн. Ал эми январь-февраль айындагы доллардын наркын эске алуу менен эсептегенде ар бир кызматкерге 212,7 доллардан туура келген.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь