Генералдык наамын алдырып ала жаздаган Коргоо министрине Жогорку Сот чечим чыгарды

250

Кечээ, 26-апрель күнү Жогорку Сот Коргоо министри Таалайбек Өмүралиевди актоо чечимин чыгарды.

Белгилей кетсек, Таалайбек Өмүралиев 2011-2014-жылдары дагы Коргоо министрлигин жетектеген. 2014-жылы Аскер прокуратурасы аскер кызматкерлерине бөлүнгөн батирлерди бөлүштүрүү жол жобосу боюнча текшерүү жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында Таалайбек Өмүралиев жана башка бир нече жооптуу кызматкерлер баш калаанын Жал кичи районундагы аскер кызматкерлерине батирлерди мыйзамсыз бөлүштүрүп берген деген бүтүмгө келип, “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

2017-жылы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Өмүралиевдин генералдык наамын кайтарып алуу боюнча чечим чыгарып, чоң суммадагы айып пул салган.

Бирок, кийинчерээк, Бишкек шаардык соту Өмүралиевдин генералдык наамын калтыруу боюнча чечим чыгарып, бирок айып пул боюнча чечимди күчүндө калтырган. Анын өлчөмү 5 млн сомго барабар болгон.

2021-жылдын 4-февралында Таалайбек Өмүралиев Коргоо министри болуп дайындалган. Бирок, ал маалда ага чыккан соттун чеими күчүндө болуп турган.

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь