Мелис Аспеков: Албаса эле камай бересиңерби эмне? Алсам айтмакмын да (ВИДЕО)

200

УКМК тарабынан “Опузалап талап кылуу” беренеси менен 2021-жылдын январь айында камакка алынган жарандык активист Мелис Аспековдун видеосу интернетте тарады.

Анда, жарандык активист “Албаса эле камай бересиңерби эмне? Алсам бир жөн эле да. Алсам айтмакмын да мен, мен алдым деп. Без ведома бир да тыйын эч жактан алган эмесмин. Жөн эле камай бересиңерби мына ушинтип”,- деп кимдир бирөөнө кайрылган.

Эскерте кетсек, Мелис Аспеков «Кыргыз темир жолунун» жетекчилигинен акча опузалап талап кылды деген шек менен кармалган. Аспеков менен бирге Коррупцияга каршы кызматы Улан Джураев аттуу жаранды дагы кармаган. Ал адам 2020-жылдын 4-октябрындагы өткөн парламенттик шайлоодо “Ата-Мекен” партиясы менен депутаттыкка ат салышканын жергиликтүү ЖМКлар жазып чыккан.

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь