Бишкек шаар башкармалыгы жол кирени көтөрүүгө байланыштуу маселени коомдук талкууга коюп жатат.
Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жол кирени көтөрүүгө байланыштуу үч вариант иштелип чыкты.
Биринчи вариант — азыркы бааны калтыруу, экинчиси — автобус, троллейбус баштаган муниципиалдык транспортто жүрүүнүн наркын 11 сом;
Маршруттук унаалардын жол акысын 15 сомго көтөрүү;
Үчүнчү вариант — автобуста 15, троллейбуста 11, маршруттук унааларга 19 сом төлөп жүрүү сунушталууда.
Белгилей кетсек, 2021-жылдын январь айында Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары тарифти көтөрүү талабы менен акцияга чыккан. Алар талап аткарылбаса, иш таштай турганын билдиришкен болчу.