Өзбекстанда дезинфекция каражаттары унаа, азык-түлүк жана адамдарга дагы чачылууда (Видео)

162

Социалдык тармактарда Өзбекстанда базарда дезинфекция каражаттары унаа, азык-түлүк жана адамдарга дагы чачылып жаткан видео тараган. Бул тууралуу Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги түшүндүрмө бергенин өзбек басылмалары кабарлады.

Алдын ала маалыматтар боюнча, окуя Анжиян облусунун Мархамат районунда жана Сурхандарья облусунун Денау районунда болгон. Жогоруда айтылган аймактарда коронавирустук инфекциянын очоктору аныкталып, вирустун жайылуусунун алдын алуу максатында дезинфекцияны эч нерсени ылгабай чача беришкен.

Белгилей кетсек, былтыркы карантин учурунда жөө жүргүнчүлөрдүн унааларына хлор суусу чачырап кеткен учурлар болгон деп айтылат маалыматта. 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь