Өлкөгө май айында коронавируска каршы эки жарым миллиондон ашуун вакцина келет

131

Өлкөгө май айында COVAX программасынын алкагында 2 миллион 600 миң доза вакцина алып келинет. Мындай маалыматты Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Кыргызстанда коронавируска каршы Кытайдын «Sinopharm» вакцинасы менен эмдөө ушул жылдын 29-мартында башталган. Учурда кыргызстандыктарга аны менен катарлаш эле  «Спутник V» вакцинасы менен эмдөө дагы жүрүп жатат. Ал вакцина менен өткөн аптада алгачкылардан болуп Мамбет Мамакеев эмделген.

Эмдөө алгандар алгачкылары болуп медицина кызматкерлери, мугалимдер, 65 жаштан жогору курактагылар, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь