1-июлдан тартып Кыргызстан жаңы конституция менен жашай баштайт

195

Кыргызстан 1-июлдан баштап жаңы Конституция жана жаңы мыйзамдар менен жашай баштайт, – деп билдирди президент Садыр Дапаров КТРКга берген маеги учурунда.

Өлкө башчы Конституцияга ылайыкташкан мыйзамдар депутаттар жайкы эс алууга кеткенге чейин кабыл алынып бүтөрүн кошумчалаган.

Конституция боюнча БШК ушул жумада жыйынтыгын чыгарса керек. Жыйынтык чыккандан кийин жаңы Конституция күчүнө кирет, бирок мыйзамдар эки айдын ичинде, депутаттар каникулга тараганга чейин кабыл алынып бүтөт деп ойлонуп турам. Бири-бирине карама-каршы келген мыйзамдар көп, аларды Конституцияга дал келтириш үчүн оңдоп-түздөп долбоорлорун даярдап койдук. Жогорку Кеңешке 17 пакет мыйзам кирет. Кабыл алынгандан кийин 1-июлдан баштап жаңы Конституция жана жаңы мыйзамдар менен жашай баштайбыз“, — деген президент Жапаров.

Эске салсак, 11-апрелде жергиликтүү шайлоо менен бирге эле, элдин тандоосуна баш мыйзамдын жаңы редакциясы коюлуп, ал шайлоого катышкан жарандардын көпчүлүк добушу менен колдоо тапкан.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь