Артем Новиков кумшекердин баасы төмөндөгөнүн билдирди

477

“Кумшекердин баасы арзандады”. Мындай пикирин бүгүн, 28-апрелде биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда заводдор кумшекердин бир килограммын 55,5 сомдон сатууда.

«Өсүмдүк майына жана кумшекерге баанын олуттуу өсүшү байкалды. Экономика жана финансы министрлиги аталган азыкка бааларды жөнгө салуу боюнча токтом киргизди. Азыр документтерге премьер-министр кол коюп жатат. 15-майдан 20-сентябрга чейин 40 миң тонна кумшекер үчүн импорттоодогу алымды алып салуу боюнча келишим түзүлгөн. Бул калктын ички муктаждыгынын 30-35 пайызын түзөт. Кайыңды менен Канттын кампаларында 18 миң тонна кумшекер бар. Бул сумма жакынкы айларга болгон муктаждыкты жабат. Кумшекер заводдору менен кумшекерди дүңүнөн сатуу баасын төмөндөтүү боюнча келишим түзүлүп, эми анын баасы 55,5 сомго чейин арзандады», –  дейт Артем Новиков.

.

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь