Артём Новиков кумшекерге болгон баа төмөндөгөнүн билдирди

121

Кант заводдору кумшекердин дүң сатык баасын төмөндөткөнүн өлкөнүн биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков парламенттин бүгүнкү жыйынында маалымдады.

Анын айтымында, учурда заводдор кумшекердин бир килограммга болгон баасын  55,5 сомдон сатып жатат. Ал өз сөзүндө акыркы убакта өсүмдүк майы жана кумшекерге болгон баанын кескин көтөрүлүп кеткендигин айтып, Экономика жана финансы министрлиги аталган азыкка бааларды жөнгө салуу боюнча токтом киргизгендигин белгилеген.

Белгилей кетсек, бир ай мурун кумшекердин баасы орто эсеп менен 64,36 сомду тузүп, өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу 10,14 сомго жогорулаган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь