Бекешов: “Саламаттыкты сактоо министри уу коргошун ичкенге убакыт табат, парламентке келгенге убакыты жок”

139

“Саламаттыкты сактоо министри уу коргошун ичкенге убакыт табат, а парламентке келгенге убакыты жок”. Мындай пикирин депутат Дастан Бекешов бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

“Саламаттыкты сактоо министри уу коргошун ичкенге убакыт табат, а парламентке келгенге убакыты жок. Жыйырма төрт саат иштеп жатам деп, мүмкүн алар  жыйырма төрт саат резиденцияда олтуруп атат? Бул жакка келип отчетту берсин!”, -деди эл өкүлү.

Мындан тышкары Бекешов министрлер парламентти таптакыр сыйлабай калганын кошумчалады.

Эске салсак, 26-апрелде Жогорку Кеңештин комитети саламаттык сактоо тармагындагы бир катар маселелерди карамак. Бирок министр Бейшеналиев жыйынга келбегенинен улам комитеттин отуруму кийинкиге жылдырылган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь