Бишкектеги административдик соттун имаратынын алдында “НДПК” партиясынын тарапкерлери митингге чыгышты.
Нааразычылык акциясына 30дай адам катышууда. Чогулгандар БШКнын чечимин жокко чыгарууну талап кылышууда.
Эске салсак, 24-апрелде БШК “НДПК” партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоону жокко чыгаруу жана партияга берилген добуштар менен бюллетендерди жараксыз деп табуу чечимин колдогон.