Жалал-Абад шаарында мугалимдер коронавируска каршы эмдөөдөн өтүп жатат. Алдыда милиция кызматкерлери жана мамлекеттик кызматкерлер эмдөөдөн өтөт.
Аны менен катар вакцина алууну каалагандар өздөрү катталган үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылып, эмдөөдөн өтсө болот.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө 29-мартта башталган. Анда Ал үчүн Кыргызстанга кытайлык Sinopharm вакцинасы алынган. Кийинчерээк, өлкөгө россиялык “Sputnik V” вакцинасынын 20 миң доза вакцинасы алып келинген. Аны жакын арада 1 млн дозага жеткирүү пландары бар. Ошол эле учурда, амай айында COVAX программасынын алкагында Кыргызстанга Улуу Британиялык Astra Zeneca вакцинасынын 2 млн 600 доза вакцинасы келээри күтүлүүдө.