Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында унаа токтотуучу жайдан белгисиз жаран жүк ташуучу унааны уурдап кеткенин “Newsroom +” маалымат агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ал уурдалганы аз келгенсип, бардыгын таң калтырган. Көрсө, айдоочу түн ичинде тааныш кызын жолугууга аталган жайга чакырганы белгилүү болду.

Андан соң алар ичимдик ичишип, соңунда эркек киши уктап кеткен. Ошол учурда, жолугушууга келген кыз көп ойлонбостон тракторду айдап кетип калган.

Натыйжада Брусиловский көчөсүндө автоунааны сүзүп, зыянга учураган. Акыры 25 жаштагы кыз кармалып, полиция бөлүмүнө жеткирилген. Анын айдоочулук күбөлүгү дагы  болгон эмес деп айтылат маалыматта.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: