Президент коомдук транспорттогу жол киренин тарифин көтөрүү маселеси боюнча оюн айтты

163

Президент Садыр Жапаров , бүгүн ордо калаада уюштурулган бир иш чаранын жүрүшүндө Бишкектеги коомдук транспорттогу жол киренин көтөрүлүшүнө байланыштуу өз оюн билдирди. Анын баамында, жол акы калк үчүн өтө жогору болбошу керектигин айтты.

“Бишкекте коомдук транспорттогу жол кире 2012-жылдан бери өзгөргөн эмес. Шаар мэрине бул маселени коомчулук менен талкуулоо боюнча тапшырма бердим. Эл тарифтин айынан кыйналбашы керек. Пенсия жана жөлөк пулдар да көптөн бери көтөрүлө элек. Бирок көп жылдан бери экономиканы өнүктүрө турган бир дагы завод, фабрикалар курулган эместигин түшүнүшүбүз керек”, – деген Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы жол кирени өзгөртө турганын карап жаткан шаар бийликтери пенсионер, студент жана окуучулар үчүн жеңилдиктер түзүлүшү керектигин кошумчалады.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь