Райымбек Матраимовдун журналисттерге болгон доосу боюнча иш кыскартылды

405

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жана анын үй-бүлөсүнүн айрым массалык маалымдоо каражаттары жана жеке журналистке каршы доосу боюнча иш кыскартылды.

Мындай чечим кечээ, шейшемби  27-апрелде Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда кабыл алынды.

Белгилүү болгондой, буга чейин Райымбек Матраимов айрым  массалык маалымат каражаттары жана анын өкүлдөрүнө карата доосун соттук териштирүүдөн баш тарта турганын билдирген. Ал мындай билдирүүнү абактан бошотулгандан кийин маалымдаганы белгилүү болгон.

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь