Тажикстан Камчыбек Ташиевдин суу сактагыч куруу планына кесе жооп берди

284

Тажикстан Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин Лейлек районуна караштуу Бешкент айыл өкмөтүнүн аймагындагы Козу-Баглан суусуна суу сактагыч куруу планы боюнча жооп кайтарды. Бул тууралуу Тажикстандын ЖМКлары басып чыкты.

Анда тажик тарап, “Кыргызстан Козу-Баглан суусуна суу сактагыч куруу мерчемделип жатканын билдирди. Ал Тажикстанда Ходжабокиргон деген аталыш менен таанымал. Бул тема көптөн бери талкууланып жатат. Бирок, эгерде Кыргызстан чек ара маселесин суу ресурстарына жеткире турган болсо анда Тажикстан ага тиешелүү жообун берет”, -деген билдирүү кылган тажик тарап.

Кыргыз тарап бул сууга суу сактагыч курабыз деп жатканына көп болду, бирок, сүйлөшүүлөр уланып жатат, бул курулушту биргелекте курабыз же сүйлөшүүлөр кандай жыйынтыкталат белгисиз. Кыргызстан чектеш аймактарга суу сактагыч курууну пландап жатса аны биз тарап менен макулдашып, биздин кызыкчылыкты дагы эске алуусу керек”, – деп кошумчалаган Тажикстандын расмий өкүлү.

Белгилей кетсек, 25-апрель күнү УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев  Козу-Баглан суусуна “Ак-Тоок” аталышындагы суу сактагыч курула тургандыгын айтып, ал үчүн өкмөттөн каражат дагы бөлүнгөндүгүн билдирген.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь