Тажик президенти Рахмон баалардын көтөрүлүшүн пандемия менен түшүндүрдү

124

Коңшу Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон БУУнун Азия жана Тынч океан жээгиндеги мамлекеттер боюнча социалдык жана экономикалык комиссиясынын 77-сессиясында Тажикстанда азык-түлүк товарлары акыркы жылдары кескин кымбаттап кеткенин айтып, аны пандемиянын кесепети деп билдирди.

Айтсак, Тажикстанда ун, өсүмдүк майы, шекер, күйүүчү май сыяктуу күнүмдүк керектелүүчү товарлардын таңкыстык байкалып, ал таңкыстык баанын көтөрүлүшүнө кептегендиги жарандардын нааразычылыгын пайда кылган. Рахмондун маалыматы боюнча, өз өлкөсүндө азык-түлүккө болгон баа 13 пайызга жогорулаганын айтып, азык-түлүккө кирбеген товарлардын наркы жыл башынан бери 5,8% жана кызмат акылар 4 пайызга көтөрүлгөндүгүн белгилеген.

Тажик президентинин айтымында, 2020-жылы ички дүң өнүм үч пайызга кыскарып, инфляциянын деңгээли 9,4 пайызды көрсөтсө, буга чейин анын деңгээли 6-7% көрсөткүчтө сакталып турган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь