Уу коргошун ичкен министр парламентке келип эпидемиологиялык кырдаал боюнча маалымат бербей жатат

159

Бүгүн парламенттин жыйынында Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев тууралуу сөз козголуп, эл өкүлдөрү Бейшеналиев Жогорку Кеңешке келбей жатканына нааразы болуп, эпидемиологиялык кырдаал боюнча маалымат берүүгө чакыртышкан.

Бул боюнча депутат Тазабек Икрамов министрди президент колдогону менен ал кылган жумушу боюнча парламентте жооп бериши керектигин белгилеп өттү.

“Министрди комитетке чакырсак келбейт, жалпы жыйында кароо чечимин кабыл алсак күн тартибине киргизилбептир. Урматтуу төрага, ушул жерде отурган депутаттарды сыйлаш керек. Президентке жакын адамдарды көргөнбүз, буга чейинки министрлер дагы жакын болгон. Кана ошолор, бүгүн каякта жүрөт? Анчалык асманда жүрбөш керек. Ушул жерге чакырып, отставкасын карашыбыз керек”, — деди Икрамов.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь