Шайлообек Атазов: “Насыяны 8 пайыздан жогору берсе, адал эмес деп койбойлубу?”(Видео)

201

Бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Шайлообек Атазов бүгүнкү күндө насыя берген банктар 8 пайыздан жогору берсе, аны адал эмес кылуу сунушун киргизди.

Анын айтымында насыя берүүнүн пайызы өсүп кеткен.

“Кыргызстанда кыргыздар банктардын айынан кул болуп иштеп жатат. Кичинебизде укчубуз эле 10-20 пайызга чейин берет деп, азыр 45 пайызга чейин чыгып кетиптир. Менде мындай сунуш бар, процент бергендер канча пайыздан өткөндөн кийин адал болот, 8 пайыздан өткөнүн адал эмес деп койбойлубу?”, -деп билдирди эл өкүлү.

Мындан сырткары депутат Улуттук банкты насыя берүүдө, көзөмөл жүргүзүп коюусун өтүндү.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь