Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал орун алган жерде тез жардамдын 3 бригадасы нөөмөттө турат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ага кошумча Баткен облустук үй-бүлөлүк медицина борборунда 4 медициналык тез жардам бригадасы дайындалды, алар зарылчылык жаралса ишке тартылат.
Мындан тышкары, оорулуулар жана жабыркагандар үчүн Баткен облустук бириккен ооруканасында жана Исфана аймактык ооруканасында реанимациялык жана хирургиялык койкалар даярдалды.
“Бишкек жана Ош шаарларында нейрохирургия, травматология, кан тамыр хирургу, көкүрөк хирургу, анестезиологдон турган медициналык адистердин 2 бригадасы дайындалды, алар абал курчуп кетсе кесиптештерине жардам берүүгө жөнөп кетишет”, – деп айтылат маалыматта.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: