Бүгүн, 29-апрелде Баткен районунун тургундары бийлик өкүлдөрүнө видео кайрылуу жолдоп, чек арадагы маселени жеринен чечип берүүсүн талап кылышты.

“Урматтуу президент Садыр Нургожоевич, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, премьер-министр Улукбек Марипов бүгүнкү күндөгү Баткендеги көйгөйдү жеринен келип чечип бериңиздер! Азыр келиңиздер! Сиздерди 80 пайыз кыргыз эли колдоп берди, ишеничти актап, Баткен чек арасын чечип бериңиздер. Мариповдун сөзүнүн аркасынан, тажиктер биздин жерге басып кирип жатат”, -дешти тургундар.

Мындан тышкары, тургундар бийлик өкүлдөрүн бүгүн саат бешке чейин Баткенге келип маселени жеринен чечип берүүсүн талап кылышты.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: