Бишкекте Коопсуздук кеңешинин жыйыны чакырылды

124

Баткендин Көк-Таш айылында жайгашкан “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайында Кыргызстан менен Тажикстандын аскер кызматкерлери атышып жаткандыгын облус жетекчиси Өмүрбек Суваналиев “Кабар” агенттигине тастыктаган.

Облуста түзүлгөн абал боюнча азыркы тапта Бишкекте Коопсуздук кеңешинин жыйыны өткөнү турат.

Эскерте кетсек, кечээ, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган.
Көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь