УКМК төрагасынын уулу Тай-Мурас Ташиев Баткен облусунда түзүлгөн акыркы кырдаалга байланыштуу гуманитардык жардам берүүнү уюштуруп, Баткен облусуна кетти.
Бул тууралуу маалымат социалдык тармакта жайгаштырылган.
Кийинчерээк маалым болгондой, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ, 28-апрель күнү дарылануу үчүн Германияга кетип, бүгүн түзүлгөн Баткен облусунда түзүлгөн абалга байланыштуу кайра Кыргызстанга кайтып келе жаткандыгын Фейсбук баракчасы аркылуу билдирген.
Эске сала кетсек, кечээ, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган.
Көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.