Камчыбек Ташиев дарыланганы чет өлкөгө учуп кеткен. Бул тууралуу Камчыбек Ташиевдин тарапташы журналист, Өткүрбек Рахманов билдирди.
Анын айтымында УКМК башчысы ден-соолугуна байланыштуу кечээ, 28-апрелде чет мамлекетке учуп кеткен.
“Урматтуу мекендештер, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ден-соолугуна байланыштуу муктаждыктан улам кечээ 28-апрель күнү чет мамлекетке учуп кеткен”, -деди ал.