Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал. Кыргыз жаранынын оң көзүнө ок тийди

204

Кыргыз-тажик чек арасында ок атылып, кыргыз жараны оң көзүнө ок атылды. Бул   Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 29-апрелде эртең менен саат 05:45 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылында жайгашкан аскер бөлүгүнө тажик жарандары тарабынан ок атуучу курал менен октор атылып, ошол айыл аркылуу өтүүчү Ош-Исфана жолунун боюнда жайгашкан Тажикстандын Майский айылы тараптан жолдон өткөн автоунааларга таштар ыргытылып баштаган.

Бул факты Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси («ээнбаштык») менен катталып, сотко чейинки өндүрүш ишке алынган.

Тажик тарап аткан октон Баткен районунун Көк-Таш айылынын 30 жаштагы тургуну оң көзүнөн жараат алып, жергиликтүү айылдык ооруканага түшкөн.

Бул жагдай Баткен Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 39/130-беренеси («киши өлтүрүүгө аракет кылуу») менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Учурда Көк-Таш айыл элинин коопсуздугун сактап, абалды турукташтыруу максатында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда деп айтылат маалыматта.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь