Суваналиев: Тажик акими өз жетекчисин укпай чагымчылдык кылды

220

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал туруксуз бойдон калып, ортодо чыңалуу сакталууда. Белгилүү болгондой, кечээ күнү аймакта эки өлкөнүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолугушуп, суйлөшкөн.

Би-Би-Си Баткендеги өкмөттүн өкүлү Өмүрбек Суваналиев менен байланышып, соңку кырдаал боюнча маалымат алган. Анда Өмүрбек Суваналиев аймакта абал өзгөрмөлүү болуп турганын айтып, айылдардын ичинде тажиктер кичи калибрлүү жана аңчылыкка пайдаланган куралдарды колдонуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшүп жаткандыгын белгилеген.

Ошондой эле, облус жетекчиси “28-апрелде эки делегация нейтралдуу тилкеде жолукканбыз. Бүт маселелердин баары ошол жерден толугу менен чечилген. Андан кийин биз ар бирине тапшырмаларды, көрсөтмөлөрдү берип жөнөткөнбүз. Ошол жерде бир маселени Тажикстандан Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода өзүнүн мэрине дайындаган. Ал “жанагы видеокамераны алып кой” деп тапшырма берген. Аймактык милициянын начальнигин, атайын кызматтын аймактык начальнигин жана чек ара кызматынан кошуп жиберген. Анан суу тосмого келгенде эле аларды укпай, албайм деп калды. Анан ошондон чыр-чатак чыгып кетпедиби. Бул чагымчылыкты жасады деген тыянакка келдик. Анткени өз жетекчисин укпайт деген болбогон нерсе. Бирок биз баарын сүйлөшүп алганбыз. Аларда мындай конфликт кырдаал чыгышына эч кандай ниет жок болчу. Ал тургай коштоп келген эки генералдын дагы сөзүн укпай койду. Мурун конфликт суу талаш, жер талаштан болсо азыр бир эле жанагы видео көзөмөл камеранын айынан ушундай жаңжал чыгып кетти”,  -деп билдирген Өмүрбек Суваналиев

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь