Тажикстан менен чектешкен аймакта ок атуу болуп жатканын жергиликтүү тургун билдирди.
Белгилей кетсек, буга чейин өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы Баткен районунун Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы суу бөлүштүрүүчү жайдын айланасында абал туруктуу экенин, бирок чыңалуу бар экенин айткан.
Алардын маалыматына ылайык, Баткен облусунун башчысы Өмүрбек Суваналиев жана Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода абалды турукташтыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Жеринде ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Маруфхан Тулаев баш болгон жергиликтүү бийлик органдары жана күч түзүмдөрү кырдаалды курчутпоо аракетиндеги ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүүдө.