Чек ара кызматы: Тажик тараптын таркаткан маалыматтары жалган

343
Тажик тараптын социалдык тармактарда «Кыргыз тарап чек арага атайын адамдарды алып барып, абалды козутуучу иш аракеттерди кылып жатат» деп таркаткан маалыматтары жалган. Мындай кабарлар эки өлкөнүн чек арасындагы чыныгы абалды чагылдырбай, бурмаланып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке караштуу Чек ара кызматынын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, 28-апрелде «Головной» суу бөлүштүрүүчү тилкесиндеги жаңжалды тажик тарап баштады. Бул күнү Ак-Суу дарыясынын жээгиндеги Тажикстан менен мамлекеттик чек арадан 3-4 метр аралыкка тажик тарап шагыл түшүрүүгө аракет кылган. Кыргызстандын чек арачылары эки өлкөнүн айыл өкмөттөрү макулдашмайынча ишти токтото турууну талап кылышкан. Бирок Тажикстандын атуулдары кыргыз чек арачыларынын талабына карабай ишти улантышкан. Кыргыз чек арачылары курал колдоно турушканын эскерткенде гана шагыл төгүүнү токтотушкан.
Андан соң тажик тарап «Головной» участкасындагы электр мамыларына видео байкоо орното баштаган. УКМК Чек ара бөлүмүнүн кызматкерлери бул жерге барып, видео камераларды орнотууну токтотууну талап кылган. Болжол менен түшкү 12:25терде Кожали айылынан мергенчи мылтыгынан ок атылган.
Чек ара кызматынын билдиришинче, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арадагы район жетекчилери жолугуп, абалды жөнгө салууну талкуулашкан. Бирок орток пикирге келе алышкан эмес. Талкуу учурунда чек арага чогулган 100-150дөй адам бири-бирине таш ыргытышып, тажик тараптан төрт, Кыргызстандан үч киши жарадар болду. Жаңжал маалында кыргыз тарап курал колдонгон эмес.
«Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тажик тарап видео байкоолорду алууга макул болгону менен азырынча ала элек. «Головной» тилкесиндеги суу бөлүштүрүүчү жайдын Тажикстанга таандык эмес деп, Кыргызстан тарап аны басып алганы тууралуу кабарлар калп. Мындай маалыматты таркатуу менен тажик тарап абалды курчутуп, чек арада жашаган элдин бир пикирге келүүсүнө тоскоол болууда», — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстандын Чек ара кызматы Тажикстанды окуяны бейтарап карап, кырдаалды козутууларды күчөтпөөгө чакырды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь