Өмүрбек Суваналиев Согди облусунун башчысы менен телефон аркылуу сүйлөштү

167

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул туурасында облус жетекчилигинин маалымат кызматына таянып Sputnik жазып чыкты. кабарлады.

Маалыматка ылайык, 29-апрелде, чек арадагы кырдаалды турукташтыруу боюнча телефон аркылуу эки ирет сүйлөшкөн.

Аймакта эки тараптын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да жолугуп жатканы айтылат.

Облус жетекчисинин биринчи орун басары Маруфхан Тулаев жана Баткен районунун акими Акылбек Орозовдор чек арада топтолгон жарандарга маселени сүйлөшүү жолу менен чечүү үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканын айтып, элге кырдаалды курчутпоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле абал күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө экенин белгилеп, элди үйлөрүнө тарап кетүүгө чакырып жатышат”, — деп айтылат маалыматта.

Баткен районунда жаралган кырдаалга байланыштуу башка чек аралаш аймактын тургундары арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь