Акматалиев: Баткендеги кырдаал боюнча Бирдиктүү медиа борбор зарыл

100

Саясий серепчи, коомдук ишмерлер Баткендеги чек арадагы кырдаал боюнча Бирдиктүү медиа-борбордун ачылышы зарыл экендигин билдиришүүдө.

Башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиевдин айтымында, бул кырдаалда көз карандысыз массалык маалымдоо каражаттары жана эл аралык масс-медиа менен иштөө зарыл.

“Учурда, маселе боюнча постконфлиттик саясат калыптанууда. Конфликт болгон жердеги кырдаалды так чагылдырууда демилгени алдырбашыбыз керек. Бирдиктүү борбор англис тилдүү масс-медиа менен иштеп жүргөн, тажрыйбалуу кыргыз журналисттеринен куралышы керек”, – дейт Алмазбек Акматалиев.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь