Артем Новиков Баткен облустук ооруканасына барды

92
Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Баткен облусунун Баткен районундагы Баткен облустук ооруканасына барды.
Артем Новиков кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу тирешүүлөрдүн натыйжасында ар кандай деңгээлдеги жаракат алган адамдардын абалынан кабар алды.
Ал белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бардык багыттар боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлүүдө.
«Жабыркагандарга тийиштүү деңгээлдеги медициналык көмөк көрсөтүлүшү тийиш, зарыл болгон учурда медициналык персонал башка облустардан, анын ичинде Бишкек шаарынан да кошумча тартылат. Ал эми учурда дары-дармектер жетиштүү көлөмдө», – деди Артем Новиков.
Белгилесек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу жана иликтөө боюнча жумушчу топтун жетекчиси болуп дайындалган жана ал учурда Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда жүрөт.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь