Биринчи вице-премьер-министр Артём Новиковдун маалыматы боюнча, Баткен районунун Көк-Таш, Ак-Сай, Таш-Тумшук, Үч-Дөбө, Миң-Урук, Миң-Булак, Паска-Арык, Самаркандек, Достук, Кызыл-Бел жана Кара-Бак айылдарынан жалпысынан 7093 жергиликтүү тургун эвакуацияланган. Ал эми 6079 тургун туугандарыныкына жайгаштырылган.
Эвакуацияланган тургундар коопсуз жерге жайгаштырылып, ысык тамак жана тийиштүү зарыл буюмдар менен камсыздалган, -дейт Новиков.
Белгилей кестек, президент Садыр Жапаров өткөргөн ыкчам кеңешмеде Артём Новиков кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу жана иликтөө боюнча жумушчу топтун жетекчиси болуп дайындалган.