Баткенде каза болгон жоокер Эсентур Кубанычбековдун сөөгү Бишкекке жөнөтүлдү

207

Баткенде кыргыз-тажик чек арасында түзүлгөн оор кырдаалда мекенин сактап, каза болгон УКМКнын Чек ара кызматынын «Бөрү» атайын багыттагы отрядынын кызматкери Эсентур Кубанычбековдун сөөгү Бишкекке жөнөтүдү. Бул маалыматты бүгүн, 30-апрелде бир тууган агасы Амантур Кубанычбеков билдирген.

Амантур Кубанычбеков айтымында, иниси Эсентур Кубанычбековду Баткен жергесине Нарындан 13-апрелде жөнөтүшкөн. 30 жаштагы аскер Нарындын Ак-Муз айылында туулган. Командирлик кызматты аркалап жаткан жоокер 30-апрелге караган түнү каза болгону айтылат маалыматта. Ал үч бир туугандын ортончусу болгон.

Анын сөөгү Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Ак-Муз айылына жерге берилээри айтылды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь